Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жол кире кымбаттайт

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында коомдук транспорттун баасы 5 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Ага ылайык, 13-июлдан баштап коомдук транспортто жүрүү акысы 20 сом болот. Ал эми пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына 10 сом боюнча калат.

 

Жол кирени көтөрүүгө күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү себеп болгон.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.