Ысык-Көлдө сел каптаган 25 үй тазаланды

Ысык-Көлдө сел суусу кирген 25 үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 11-августта саат 10:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналдан суу ашып, жээгинде жайгашкан үч турак үйгө, Бактуу-Долоноту айылындагы Жүдөмүш сел өтүүчү каналдан жана Бактуу-Долонотуу дарыясынын суусунун көлөмү көтөрүлүп, айылдагы 60ка жакын үйгө суу кирген. Жалпы төрт унааны суу агызган, эки ички көпүрө жараксыз абалга келген.

 

Мындан сырткары, аталган айылдагы 20 конок үйдүн короосун суу каптаган.

 

Учурда ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 25 турак жай тазаланып бүттү. Жеринде селдин кесепеттерин жоюуга министрликтин 82 куткаруучусу, 3 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтары 40 жумушчу жана 9 техника тартылган.

 

Аймактарды электр жарыгы калыбына келтирилди. Ал эми Бактуу-Долоноту айылында таза сууну калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.

Селдин кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.