Үзүр Жузупбеков атаандашын көтөрүп уруп, чейрек финалга чыкты

Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиадада жолун жеңиш менен баштап, чейрек финалга чыкты.
Ал грек-рим күрөшүндө 97 килограммга чейинки салмакта литвалык Миндаугас Венскаитисти көтөрүп уруп, 5:1 эсебинде жеңди.
Жузупбековдун кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болот.