Жалал-Абад облусунда 1-сентябрга карата 17 жаңы мектеп колдонууга берилет

Жалал-Абад облусунда 1-сентябрга карата 17 жаңы мектеп колдонууга берилет. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын үчөө Аксы районунда, экиден Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул райондорунда жана бир билим берүү мекемеси Тогуз-Торо районунда жайгашкан.

 

12 мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттен, бири жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 4 мектеп эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен курулууда.