Жалал-Абадда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

 

УКМКга жеке ишкерлерден жана муниципалдык кызматкерлерден алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече жолу арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 24-сентябрында КРнын У.С.У.аттуу жараны кармалды.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө У.С.У. муниципалдык кызматчыларды жана жеке ишкерлерди финансылык-чарбалык ишмердигин (салыктык чегерүүлөрдү, финансылык отчетторду, жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди жана башка фактыларды) текшерүү шылтоосу менен УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп, акча берүүгө мажбурлагандыгы аныкталды.

 

Мындан тышкары, У.С.У. тарабынан жасалган башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

КР УКМК У.С.У.нун иш-аракеттеринен жабыр тарткандарга төмөнкү телефондор боюнча кайрылууну суранат: (03722) 5-60-49 нөөмөт кызматы, WhatsApp номер:(0995) 01-22-10, уюлдук номер: (0770) 97-26-57.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.