Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат.
“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт.
Эске салсак, Жалал-Абад — Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.