Жалал-Абадда 200 орундуу балдар бакчасы ачылды

Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчасы ачылды.

 

Атайын кызматтан маалымдашкандай, имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

 

Белгиленгендей, аталган балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.