Жалал-Абадда борбордук аянтты, ошондой эле облустук администрация менен мэриянын имараттарын оңдоп-түзөө пландалууда. Тиешелүү сынак мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Курулуштардын сметалык баасы 900 млн сомду түзөт. Бул жумуштарды келерки жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө.