Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

Жалал-Абад облусунда 1-7-март күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Анын алкагында тараптар иш жадыбалды макулдашып, чек аранын айрым тилкелерин кыдырышты, — деп айтылат Министрлер кабинетинен маалыматында.

Белгиленгендей, жолугушуу «достук жана өз ара түшүнүү маанайында» болгон.

Эске салсак, буга чейинки сүйлөшүү 12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн.