Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады

Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады.

 

23-июлда катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында сел жүргөн. Натыйжада Арсланбап, Кош-Терек айылдарында 640тан ашык керектөөчү жарыксыз калды.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жеринде линияларды жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.