Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр

Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр. Долбоорду ишке ашыруу 2022-жылдын август айында башталган.

 

Эки жыл аралыгында Көк-Арт дарыясында узундугу 2 мин 600 метрге жеткен деривациялык канал жана инженердик объектилер курулуп, турбиналар жана башка  зарыл жабдуулар орнотулду. Ошондой эле, электр монтаждоо иштери аткарылды.

 

Белгилеп кетсек, ГЭСтин кубаттуулугу саатына 6,7 мегаватты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын иштеп чыгуу көрсөткүчү – 20 миллион квиловатт саатты түзөт.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.