Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну акысыз өрүк чогултуп кетүүгө чакырат

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну акысыз өрүк чогултуп кетүүгө чакырат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургун Азамат Мажиков 13 гектар жерде абрикос өстүрөт.

 

Түшүм мол болуп, чогултканга киши жок болгондуктан, ал каалоочуларга акысыз мөмөнү жыйнап кетүүнү сунуштады. Дыйкан жалпы аянты 64 гектар бакчада алма, алмурут, алча, карагат, кулпунай жана өрүк өстүрөт.

 

Быйыл ал кулпунай жана алчаны экспорттоого басым жасагандыктан, бышып турган өрүк бузулуп кетиши мүмкүн деп түшүндүрдү.