Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга   60 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

 

Ал эми электрондук чылымды саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сомдук айып каралат.

 

Тамекинин мындай түрүн  өлкөгө ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып салып,  2 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.