Жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миңге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-24-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.
Быйыл бул сан министрлер кабинетинин токтому менен 10 миңге чейин жеткирилди.
Басымдуусу билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына бөлүштүрүлөт. Андан тышкары, компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3 миң 900 гранттык орун бөлүнгөнү кошумчаланды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.