ЖОЖдорго тандоо жана кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Бүгүн Кыргызстандын ЖОЖдоруна тандоо жана кабыл алуунун төртүнчү туру башталды.

 

Билим берүү жана илим министрлиги эскерткендей, каттоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана жүргүзүлөт.

 

Өнөктүк 7-август, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.