ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот

ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, ал борбордо Бишкек мамлекеттик университетинде, ошондой эле Ош шаарында ОшМУнун имаратында уюштурулат.

 

Каттоо саат 13.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, ЖРТга кеч тест 21-23-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт. Ал май айында кандайдыр бир себептерден улам Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн каралган.