Жыл аягына чейин мүлктөрдү легалдаштыруу керек

Мамлекеттик салык кызматы жыл аягына чейин мүлктөрдү легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн эскертет. Декларацияда мүлкүн көрсөткөндөргө мүлктүн сакталышынын жана кылмыш-жаза куугунтугунан коргоонун кепилдиктери берилет. Мында легалдаштырылган мүлктөр үчүн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле салык, бажы жана башка төлөмдөр талап кылынбайт.

 

Ведомство активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу боюнча мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу жүгүртүүгө тартуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу экенин белгилейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.