Жыл башынан бери 400 миңге жакын көчөт отургузулду

Кыргызстанда жаз айларында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу боюнча 32 иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул иштердин жүрүшүндө 359 миң 803 даана бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Жылдын 6-июнуна карата республика боюнча мамлекеттик токой фондусунун аймагына токой чарбалардын күчү менен 1 608 га жерге экме токой түзүлүп, экме токойго 650 миң 896 даана кɵчɵттөр отургузулду жана 5 миң 208 кг токой үрɵндɵрү себилди.

 

Токой чарбалар калктуу конуштарга жашылдандырууга отургузуу үчүн бардыгы 466 миң 775 даана кɵчɵт материалдарын сатышты, анын ичинен: шаарларга 4 миң 80, айыл өкмөттөргө 110 миң 185, юридикалык жактарга 193 миң 114 даана жана жеке жактарга 159 миң 396 даана.