1-апрелге чейин бардык унаа ээлери ОСАГО полистерин алышы керек

1-апрелге чейин бардык унаа ээлери ОСАГО полистерин алышы керек. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы Тахмина Камчыбекова билдирди.

 

Анын айтымында, камсыздандыруу компаниялары полистерди берип баштады. Лицензияны 9 компания алды, анын ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дагы бар. 1-апрелден тарта полиси жок айдоочулар айыпка тартылат.

 

Айып 3 миң сомго барабар. Камсыздандырууну тастыктаган документтерди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын инспекторлору текшерет.