“Айгүл-Тоо” коругуна кирүүгө 3 жылдык тыюу салынды

Баткендеги “Айгүл-Тоо” коругуна кирүүгө 3 жылдык тыюу салынды.

Жергиликтүү токой чарбасынан билдиришкендей, мындай чара уникалдуу өсүмдүктү сактап калуу жана көбөйтүү максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин коруктун аймагына кирүүгө болбойт.

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун беттеринде өсөт.

Ал жыл сайын апрель айынын баштарында гүл ачат жана процесс эки жумага гана созулат.

Өсүмдүк Кызыл китепке киргизилген.

Аны үзгөндөр 4 миң 500 сом айыпка жыгылат.