Кыргызстанда “Ат чабыш” коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

Кыргызстанда 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын “Ат чабыш/At Chabysh” деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы 10 сом түшүрүлгөн.

 

Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, мамлекеттик герб чагылдырылып, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games” деп жазылган. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

 

Белгилеп кетсек, “Ат чабыш” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.