Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады

Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады. Каражат  25 жылга берилүүдө, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп 1,5 пайыздык үстөк төлөнөт.

 

Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырат.  100 миллион долларга Кыргызстан 174 миң чарчы метр турак жай, башкача айтканда, 40-85 чарчы метрлик үч миң батир курууну пландап жатат. Үйлөр аз жана орточо киреше көргөн бүлөлөргө каралган.