Бишкекте февралдын калган бөлүгүндө аба-ырайы климаттык нормада болот

Бишкекте февралдын калган бөлүгүндө аба-ырайы климаттык нормада болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, түнкүсүн + белгиси менен температура жакынкы арада күтүлбөйт.   Ал эми күндүзгү аба табы +2…+7 градустун тегерегинде болот. Алдыдагы апта ичинде асманды ала булут каптаганы менен жаан-чачын болбойт. Бирок жума күндөн тарта аба-ырайы бузулат… Кененирээк…

Кыргызстанга өткөн жылы 2,5 миллиард доллардан ашык которулду

Кыргызстанга өткөн жылы 2,5 миллиард доллардан ашык которулду. Улуттук банктан билдиришкендей, кеп физикалык жактардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болуп жатат.   Басымдуу учурларда каражат Россия, АКШ, Түркия, Казакстан, Улуу Британия жана Германиядан которулат. Белгилеп кетсек, эң чоң сумма өткөн жылдын июнь —… Кененирээк…

Алмазбек Исманкулов эки айга тергөө абагына киргизилди

«Көз микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады. Аталган чечим Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылып, Исманкулов 9-апрелге чейин №1 тергөө абагында кармала турган болду. Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык… Кененирээк…

Айдоочулардын кыжырын келтирген нерселерди немис социологдору тизмектеди

Айдоочулардын кыжырын келтирген нерселерди немис социологдору тизмектеди. Сурамжылоого ылайык, басымдуу учурда айдоочулар бири бирин жактырбайт. Жол жүрүүдө шашып, каршы тилкеге чыгып же артынан шаштырып, жарыкты күйгүзүп-өчүргөндөр көп тил угат.   Мындай айдоочуларды сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы атады.   Дагы 60 пайыз суралгандар  тескерисинче, “таш бакадай”… Кененирээк…

Кыргызстандын 2 миңден ашык калк жашаган түйүнүндө өткөн жылы интернет пайда болду

Кыргызстандын 2 миңден ашык калк жашаган түйүнүндө өткөн жылы интернет пайда болду. Программа республиканы толук кандуу интернет жана телефон байланышы менен камтуу долбоорунун алкагында ишке ашканын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.   Анын айтымында, учурда ведомство 5G технологиясын киргизүүгө басым жасап жатат.… Кененирээк…

Кыргызстандан барган куткаруучулар 1 жума уранды алдында жаткан кишини куткарды

Кыргызстандан барган куткаруучулар 1 жума уранды алдында жаткан кишини куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ал кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астыңкы кабатынан табылган.   Куткаруу иштери алты саатка созулуп, Россия жана Беларустан барган адистер менен биргеликте жүргүзүлгөн.   Жабыркаган эркек киши жер… Кененирээк…

Январда Кыргызстандын ички дүң продукциясы былтыркыдан 5 пайызга жогорулады

Быйыл алгачкы айларда эле Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 48 миллиард сомдон ашты. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, ИДПнын көлөмү 2022-жылдын аянварь айына салыштырмалуу 4,8 пайызга өскөн. ИДПнын түзүмүндөгү эңчоң үлүш (49,9 пайыз) кызмат көрсөтүү жана товарларды өндүрүүчү тармактарда (29,4 пайыз) байкалган.… Кененирээк…

Хорватиядагы ресторандардын биринде тамакты роботтор жасап жатат

  Хорватиядагы ресторандардын биринде тамакты роботтор жасап жатат. Алар ар кандай 70 ашты даярдай алат. Адамдын катышуусу бир гана жакшы ингредиенттерди тандоого талап кылынууда.   Майдын өлчөмүн, татымалдарды жана убакыт саатын робот өзү аныктайт. 15 мүнөттө 4 тамак даяр болот. Ресторан ээсинин айтымында, ашканасына бул… Кененирээк…

Кыргызстандын 70 студенти Россиянын медициналык жогорку окуу жайларына акысыз окууга кабыл алынат

Кыргызстандын 70 студенти Россиянын медициналык жогорку окуу жайларына акысыз окууга кабыл алынат. Бул тууралуу биздин өлкөдөгү Россотрудничество өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Квоталар акысыз билим берүү, турак-жай жана стипендия берет. Документтерди кабыл алуу 20-февралга чейин жүргүзүлөт.

Түркияда урап калган үйлөрдүн курулушундагы бузууларга 131 адам күнөөлүү деп табылды

Түркияда урап калган үйлөрдүн курулушундагы бузууларга 131 адам күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу вице-президент Фуат Октай билдирди. Анын айтымында, алардын бири камакка алынды.   Калгандарын колго түшүрүү боюнча протоколдор түзүлдү. Учурда шектүүлөрдү издөө жүрүүдө.   Вице-президент белгилегендей, юстиция министрлиги тарабынан жер титирөөгө байланыштуу кылмыштарды тергөө… Кененирээк…