Кыргызстанга өткөн жылы 2,5 миллиард доллардан ашык которулду

Кыргызстанга өткөн жылы 2,5 миллиард доллардан ашык которулду. Улуттук банктан билдиришкендей, кеп физикалык жактардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болуп жатат.

 

Басымдуу учурларда каражат Россия, АКШ, Түркия, Казакстан, Улуу Британия жана Германиядан которулат. Белгилеп кетсек, эң чоң сумма өткөн жылдын июнь — август айларында келген – эки жолу тең 300 миллион доллардан ашык.