Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанга 50 миң 400 жеңил унаа алып келинген

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанга 50 миң 400 жеңил унаа алып келинген.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Транспорт дээрлик 50 өлкөдөн ташылат. Импорт боюнча лидер – Кытай, бул өлкөдөн 32 миңден ашык унаа жеткирилген.   Андан кийин Түштүк Корея, АКШ, Германия жана… Кененирээк…

Быйыл Нарын облусунда 64 социалдык объекттин курулуш иштери башталат

Быйыл Нарын облусунда 64 социалдык объекттин курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Планга жаңы автобекеттин, көпүрөнүн, мектептердин, турак-жай комплексинин, спорт комплексинин, мал базардын курулушу жана жолдорду реконструкциялоо иштери кирет.

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Бүгүн Ош жана Баткен облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ошондой эле саат 4:39да Баткен облусуна жакын аймакта очогунда күчү 3,5… Кененирээк…

Нарын облусунда “Салкын-Төр” эс алуу базасы жана “Бугу-Марал” коругу ремонттолот

Нарын облусунда “Салкын-Төр” эс алуу базасы жана “Бугу-Марал” коругу ремонттолот.   Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иштер туристтерге жакшы шарттарды түзүү максатында жасалат.   Коруктагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды, буга жергиликтүү өнүктүрүү фонду тарабынан 5,5 миллион сом бөлүндү. Ал эми “Салкын-Төр” базасы… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Бишкек, Ош жана Кыргызстандын жети облусу боюнча 588 энеге орден ыйгарылды.   Өлкөдө жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.… Кененирээк…

Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады

Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады.   Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.   Аптасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин, жалпы 1… Кененирээк…

Ош шаарынын аймагында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 18-майда жаандан кийин сел жүрүп, 3 социалдык мекеменин жана 23 турак жайдын жер төлөлөрүнө суу толгон.   Жеринде 100дөн ашык куткаруучу, 8 атайын техника тартылып, сууну сордуруу, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда… Кененирээк…

Катманду шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды

Непалдын Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Ачылыш аземине Кыргызстагдын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.   Салтанаттуу иш-чарада элчи Бешимов Кыргызстандын ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң… Кененирээк…

Жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталды

Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады.   Ал учурда Кыргызстанда анын тапшырмасынын негизинде көпчүлүк жарандар үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи.   «Бул — Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу… Кененирээк…