Катманду шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды

Непалдын Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Ачылыш аземине Кыргызстагдын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

 

Салтанаттуу иш-чарада элчи Бешимов Кыргызстандын ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон «Sharma and Company Pvt.Ltd.» компаниясынын жетекчисине консулдук патентти тапшырып, кеңсенин ачылышы менен куттуктады.

 

Бешимов өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Непалда жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз консулдугунун ишинин жогорку маанисин белгиледи.