Түркияда жаш жубайлар футбол беттеши үчүн үйлөнүү үлпөт тоюн токтотушту

Түркияда жаш жубайлар футбол беттеши үчүн үйлөнүү үлпөт тоюн токтотушту.   Эске салсак, Евро чемпионатынын алкагында түрк футболчулары Португалия курамасы менен беттешти.   Жуп той учурунда залдын ортосуна сыналгы алып чыгып, 100гө жакын коноктору менен бирге футбол беттешин көрүштү. Белгилеп кетсек, Түркия курамасы Криштиану Роналду… Кененирээк…

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы Курманжан Датка көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерин баштады

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы Курманжан Датка көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерин баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Чүй, Огонбаев, Фрунзе, Салиева көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө жүрүүдө.   Ремонттук иштерге б айланыштуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдыктын алкагында жүрүүдө.

Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча 2 муниципалдык цех пайда болот

Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча 2 муниципалдык цех пайда болот. “Кабар” жазгандай, объекттин курулушу Ак-Татыр айылында башталды.   Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 22 миллион сомду түзөт. Ишкана күнүнө 8 тоннага чейин мөмөнү кургатып, таңгактоо кубаттуулугуна ээ болот. Андан тышкары, Баткен районунун Дара айылында… Кененирээк…

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке кирди

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке кирди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, объекттин кубаттуулугу 2 мегаватты түзөт.   Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтымында, кичи ГЭС мамлекеттин жана жеке сектордун кызматташтыгы менен курулду.   Анын ишке кириши менен аймактагы электр энергиясын берүү жакшырат деп күтүлүүдө.

Футбол боюнча Европа чемпионатында коомдук тартип күчөтүлөт

Футбол боюнча Европа чемпионатында коомдук тартип күчөтүлөт. Мындай чечим Түркия-Португалия беттеши учурунда оюн талаасына чыгып кеткен көрүүчүлөр үчүн кабыл алынды.   Мындай тартип бузуу үчүн стадиондон чыгарып салуу, бардык эл аралык беттештерге катышууга тыюу салуу жана полицияга арыз жазуу каралышы мүмкүн. Эске салсак, Түркия менен… Кененирээк…

Нарында видео байкоо камералары орнотулду

Нарында видео байкоо камералары орнотулду. Аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, камералар шаардын 15 тилкесинде пайда болду. Система жол эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактыларын каттайт.   Күтүлгөндөй, жыл аягына чейин Нарында дагы 150 камера орнотулат.

Ички иштер министрлиги 28-июнда кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштейт

Ички иштер министрлиги 28-июнда кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштейт. Бул күнү өлкө мектептеринде бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылат.   Бишкектин ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бардык райондордо коомдук тартипти сактоо боюнча атайын пландар иштелип чыгып, мектептерге милиция кызматкери бекитилди.   Ал эми жол инспекторлору тарабынан жолдордо бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен… Кененирээк…

Бишкекте асма жолдун курулушу пландалууда

Бишкекте асма жолдун курулушу пландалууда. Ордо калаа мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, анын узундугу 6 чакырымды түзөт. Канат жол Манас проспектиси боюнча Жибек Жолу проспектисинен түштүк магистралга чейин тартылат.   Суткасына ал 100 миң адамга чейин ташыйт. Тиешелүү макулдашуу швейцариялык компания менен жетишилди.   Ал эми… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет

Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет.   Бул тууралуу эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат.   Маалыматка ылайык, документти министрлер кабинети демилгелеген. Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык инфраструктура түзүүгө жана аны тейлөөгө бөлүнгөн… Кененирээк…

Кыргызстанда эртеңден тарта уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Кыргызстанда эртеңден тарта уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган.   25-июндан тартып смартфондор Мамлекеттик идентификация системасында катталышы керек.   Катталбаган телефондор өлкөнүн бир да уюлдук операторунун байланыш кызматынан… Кененирээк…