Кыргызстан менен Тажикстан дагы 1,11 чакырым чек ара сызыгы боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 1,11 чакырым чек ара сызыгы боюнча макулдашты.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык,  макулдашуу чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйынында кабыл алынды.

 

Буга чейин эки тараптын расмий өкүлдөрү чек аранын 90 пайызы макулдашылганын билдиришкен. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.