15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Малдыбаев жана Тыныстанов көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат.   Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бүгүнтөн тарта Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, кеп аталган көчөнүн Медеров жана Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Белгилеп кетсек, Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Ведомстводон маалымдашкандай, өткөн жылдын май айында дээрлик 324 миң 16 жашка чейинки бала же 97 миң муктаж үй-бүлө ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк… Кененирээк…

Парламент Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду

Парламент Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.   Документке 63 депутат “макул”, үч депутат “каршы” добуш берди. Ага ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер берилет. Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек.   Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет… Кененирээк…

Репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам экинчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.   Эске салсак, 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам… Кененирээк…

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.   Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Жылдыз Полотова мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бишкектин конуштары жарыктандырылууда

Бишкектин конуштары жарыктандырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун 16-көчөсүндө 400 метр кабель тартылып, 50 Вт 12 чырак орнотулду. Ак-Өргө конушундагы Кербез көчөсүндөгү 1390 метр узундуктагы 100 Вт кубаттуулугундагы 38 лампа орнотулуп, узундугу 1390 метр өзүн-өзү изоляциялаган зым тартылды. Ошондой эле аталган… Кененирээк…

Чүй облусунун 3 районунда 13 кичи ГЭС курулууда

Чүй облусунун 3 районунда 13 кичи ГЭС курулууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда жүрүп жатат.   Айрым объектилер ушул жылы колдонууга берилет. Министрликтен белгилешкендей, кичи ГЭСтер энергетика тармагындагы жетишсиздикти кыскартууга жардам берет. Андан тышкары, керектөөчүлөргө берилген электр энергиясынын сапаты жакшыртылат.

Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 13-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсүнүн Медеров – Горький тилкеси чектелет.   Ал эми Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев — Тыныстанов  бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо иштери башталат.… Кененирээк…