Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат

Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору “Росатом” компаниясы тарабынан ишке ашат.

 

Ушул жылдын февралында компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон. Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга, 2025-жылдын февраль айына чейин уланат. Ошол эле жылдын 1-кварталында станцияны куруу иштери толугу менен башталат, — дешти аталган компаниядан.