Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат

Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга Үрүмчүдө өткөн «Кsтай – Евразия ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду. Ага ылайык, уй этин, бодо малдын кошумча… Кененирээк…

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылды

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, быйыл аттестаттар электрондук жана кагаз түрүндө да берилди.   Ошондой эле абитуриенттердин документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат. Эгер бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын порталдан чыгарып алса болот.   Эске салсак, быйыл… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилери орнотулуп жатат.   Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, аялдама комплексин куруу… Кененирээк…

Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы жүрө баштады

Бишкектен Астана шаарына жаңы автобус каттамы жүрө баштады. Бул тууралуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   55 орундуу автобустар жуманын ар шейшемби күнү күндүзгү саат 12де Бишкектен жөнөп кетет, ал эми Астанадан кайра артка бейшемби күнү чыгат.   Билет баасы 2 миң 500 сомду түзөт.… Кененирээк…

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматтан бошотулду

Уланбек Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Президенттин ишкерлерди коргоо боюнча сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

Президенттин ишкерлерди коргоо боюнча сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.   Анда ишкерликти каттоодо ишине кийлигишип, тоскоолдук кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана экономикалык кылмышка айыпталгандардын бөгөт чарасын жеңилдетүү сунушталган.   Документке ылайык, кызмат адамы жеке ишкерди же юридикалык жакты… Кененирээк…

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпа этабынын жыйынтыгы менен бир гана курама эң көп упай топтоду

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпа этабынын жыйынтыгы менен бир гана курама эң көп упай топтоду. Ал В тобунун жеңүүчүсү – Испания курамасы. Анын капчыгында 9 балл бар.   “Кызыл фурия” турнир башталгандан бери Хорватия, Италия жана Албания курамаларын утуп алды. Чейрек финалга чыгуу укукугун алууга… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен дагы эки абитуриент “Алтын сертификат” алат

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен дагы эки абитуриент “Алтын сертификат” алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 231 баллды Ош облусунун Купуев атындагы академиянын бүтүрүүчүсү Абдумалик Турсунов алды.   Өткөн жылы №70 мектеп-гимназияны аяктаган Айчүрөк Ишенбекова 225 упай топтоду.   Эске салсак, Жалпы республикалык… Кененирээк…

Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 9 миллион доллар бөлүп берет

Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 9 миллион доллар бөлүп берет.   Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент депутаттары кабыл алды. Каражат жайыттардан жана токойлордон көз каранды болгон айыл жергесиндеги аярлуу кожолуктарды колдоого  жумшалат.   Долбоордун максаты – дыйкандарга туруктуу киреше камсыздоо жана айыл жергесиндеги жакырлыктын… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи жана Ош ЖЭБи мэриялардын балансына өтөт

Бишкек ЖЭБи жана Ош ЖЭБи мэриялардын балансына өтөт. Тиешелүү мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жактырды.   Жылуулук-энерго борборлорунан тышкары, “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын карамагына өтөт.