Кыргызстан беш айда сыртка 100 миңден ашык мал-жандык экспорттоду

Январь-май айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 103,4 миң баш мал-жандык сатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Мал-жандык экспорту боюнча маалымат: бодо мал – 55 073 баш; кой-эчки – 43 954; жылкы – 4 331. Ошол эле учурда январдан майга чейин… Кененирээк…

Абитуриенттердин Россиянын ЖОЖдорунан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар

«Кыргыз индустрия» ачык акционердик коому кыргызстандык абитуриенттерди Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз окууга чакырат. Анда «Кыргыз индустрия» ААК менен россиялык бир катар ЖОЖдордун ортосундагы келишимдин алкагында кыргызстандык студенттер Россияда бакалавриат, кесиптик жана магистратура боюнча акысыз инженердик билим алышары белгиленген. «Акысыз окуудан тышкары, студенттер бекер жатакана… Кененирээк…

Японияда “акылдуу” кашык тартууланды

Японияда “акылдуу” кашык тартууланды. Ал тамакты бир аз туздуу же таттуу кылуу үчүн атайын электр импульстары менен камсыздалган. Күтүлгөндөй, мындай өзгөчө кашык диетада отуруп, даамы жок тамак-ашты жегендерге жардам берет.   Кашык электр кубаттуулугунун 4 деңгээлине ээ. Анын эң жогоркусу дагы адамга зыян тийгизбейт. Бирок… Кененирээк…

Бишкекте балдар искусство мектеби пайда болот

Бишкекте балдар искусство мектеби пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имаратта заманбап окуу кабинеттери жайгашып, аларда ар кандай музыкалык аспаптар боюнча сабактар өтөт.   Алсак, балдар фортепиано, скрипка, кыяк жана башка аспаптарда ойноого үйрөнө алышат. Андан тышкары, китепкана, концерттик зал жана сактоочу жайлар каралган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 17 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 17 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, мындай бакчаларда 3 сааттык өнүктүрүүчү программа каралат.   Балдарга тамак-аш берилбейт жана алар уктабайт. Мындай формат мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган балдардын санын эки… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигине вакцинаны ташууга унаалар тапшырылды

  Саламаттыкты сактоо министрлигине вакцинаны ташууга унаалар тапшырылды. Техниканы вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс берди. Ведомство жалпысынан 16 транспорт алды, дагы 10 даанасы жыл аягына чейин жеткирилет.   Унаалар ири өлчөмдөгү муздаткыч камераларын ташууга ылайыкталган. Препараттарды күн нурунан коргоп, аларды аймактарга коопсуз жеткирүүнү камсыздайт… Кененирээк…

Патент менен иштеген сатуучулар башка салык режимине өтүшү керек

Патент менен иштеген сатуучулар башка салык режимине өтүшү керек. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-июлдан тарта соода ишкердүүлүгү үчүн патенттер жокко чыгарылат.   Ишкерлер азыркы салык кодексине ылайык салык төлөнгөн жалпы режимге өтө алат. Экинчи варианты – бирдиктүү салыктын негизиндеги жеңилдетилген салык салуу системасы.

ЕАЭБдин өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээли жылдан жылга өсүүдө

ЕАЭБдин өзүнүн айыл чарба азык-түлүктөрү менен камсыз болуу деңгээли жылдан жылга өсүп, 2023-жылы 93 пайыздан ашты. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин Беларуста өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде билдирди. Анын айтымында, биримдикте өзгөчө агро өнөр жай потенциалы бар. “Биримдиктеги айыл чарба жаатында жалпысынан… Кененирээк…

Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына келди.   Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.   Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин… Кененирээк…

Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолунда асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы билдирди.   Маалыматка ылайык, унаа жолдун 8,2 -11,2 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөлдү. Азыркы учурда жол жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.