Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды
Бишкек шаарында Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды. Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналар уюштурулду.… Кененирээк…