Чүй облусунун Кошой айылында жаңы мектеп пайда болду

Чүй облусунун Кошой айылында жаңы мектеп пайда болду. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу имарат 225 окуучуга чакталат.   Билим берүү мекемесинин жалпы аянты 1,5 миң чарчы метрди түзөт. Объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Мектеп каалгаларын 1-сентябрда… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек автозаводунан чогултулган унаалар “Жеңилдетилген автокредит” долбоору аркылуу берилет

Кыргыз-өзбек автозаводунан чогултулган унаалар “Жеңилдетилген автокредит” долбоору аркылуу берилет.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.   Ага ылайык, насыялар мамлекеттик эки банк тарабынан 8 пайыз жылдык үстөгү, 20 пайыз минималдуу баштапкы төлөмү менен берилет. Эске салсак, Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан кыргыз-өзбек заводу… Кененирээк…

Өлкөдө айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынууга жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөрү бар LED- экрандар орнотулууда

Өлкөдө айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынууга жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөрү бар LED- экрандар орнотулууда.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай аракеттер жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жасалууда.   Ведомство тарабынан туристтик мезгил учурунда өлкө аймагында айдоочулар үчүн… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектеги Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Панфиловго чейинки бөлүгү жабылат

Бүгүн Бишкектеги Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Панфиловго чейинки бөлүгү жабылат. Шаардык мэрия бул оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин билдирди.   Буга чейин Чүйдүн Манас — Төрөкул Айтматов бөлүгү оңдолору, ремонт иштери үч этап менен жүрөрү айтылган.

Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт

Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт.   Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы  16,5 гектар жер тилкесине жайгашат.   Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.… Кененирээк…

Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди

Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 20-июлда сел жүрүп, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган.   Алардын жашоочулары коопсуз аймакка көчүрүлүп, 35 турак үйдүн короосун сел суулары каптап, 4 чакырым… Кененирээк…

Байден президенттик жарыштан чыкканын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.   Байден менен республикачылардын талапкери Доналд Трамптын июндун аягында болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.   Байден ал… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында дээрлик 11,6 млрд куб метр суу бар

19-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 548 млн куб метрди түздү.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматта айтылат.   Учурда суунун агып келиши секундасына 819 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 486 куб метрге жетүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 18-июлуна чейин… Кененирээк…

42-212-автобус каттамдарынын кыймылы өгөртүлдү

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу, №42, 212 автобус каттамдарынын кыймылы өгөртүлдү.   Мэриядан кабарлашкандай, №15 автобустун акыркы аялдамасы Лущихина көчөсүнөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна чейин узартылды. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту өлкөнүн ички иштер министри чыгарды.   Ошондой эле укук коргоочуларга социалдык тармактарга кирүүгө болбойт. Алар оюндарга келген коноктор менен сылык сүйлөшүп, ар кандай учурларда жардамга келүүгө даяр болушу керек.  … Кененирээк…