Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо уланууда

Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кулатов-Ибраимов көчөсүндө жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлдү. Ага ылайык, имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.   Аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок, тышкы… Кененирээк…

Улуттук илимдер академиясында капиталдык ремонт иштери жүрүүдө

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, илимий мекеме курулгандан бери бир да жолу ремонттолгон эмес.   “Учурда объекттин жарымынан көбүндө инженердик-коммуникациялык иштер ишке ашып, эшиктер, терезелер, паркеттер алмаштырылып, ички бөлмөлөр жана чатыр оңдолуп… Кененирээк…

Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү

Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жыйынтыкталды.   26-июлда өткөрүлгөн сынакта жалпысынан 28 мектепке талапкерлигин койгон жаңы директорлор босого упай жогору балл топтой алган:   —… Кененирээк…

Кыргызстанда үй куруу 1 м² үчүн 12 миң сомдон 40 миң сомго чейин бааланат

Жыл башынан бери Кыргызстанда жалпы аянты 620 миң чарчы метрден ашкан дээрлик 5 миң жеке турак жай курулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44%га көп деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматында.   Жеке турак жайларды пайдаланууга берүү Баткен жана Ош облустарын, ошондой эле Ош… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтында жаңы флагштокту орнотуу иштери аяктап калды

Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы желеги үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштокту орнотуу иштери аяктап калды. Мэриядан кабарлашкандай, флагшток Түркиядагы заводдо жасалып, атайын жабдыктар менен жеткирилген.   Реконструкциялоонун алкагында 500 чарчы метр аянтка гранит такталарын төшөө да пландаштырылууда.   Эске салсак, борбордук аянт апрель айында… Кененирээк…

Жалал-Абадда дээрлик 427 млн сомго мектеп курулат

Жалал-Абадда дээрлик 427 млн сомго мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Маалыматка ылайык, Миң-Өрүк айылындагы мектеп 750 окуучуга чакталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

22-июлдан 27-июлга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери… Кененирээк…

Уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.   Маалыматта буга чейинки милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбой турганы айтылат.   Эске салсак, өлкөдө уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 25-июндан тарта башталган.… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү 11,8 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 29-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 810 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 779 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 469 куб метрди түзүүдө.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.   Эске салсак, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу болот.