Афганстанда жасалган суусундук Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда

Афганстанда жасалган «Золотая жизнь» суусундугу Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеме текшерүү жүргүзүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундукту алган. Буга чейин мекеме аталган суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген… Кененирээк…

Бишкектин Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак пайда болду

Бишкектин Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак пайда болду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, сейил бактын аймагына брусчатка төшөлүп, фонтан орнотулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстанда 15-март — Аталар күнү деп белгиленди

Кыргызстанда 15-март — Аталар күнү деп белгиленди. Жогорку Кеңеш июнда кабылган алган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Расмий маалыматка ылайык, мыйзам үй-бүлөнү чыңдоого жана атанын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган. Аталар күнүндө дем алыш болбойт.  … Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортто чет элдик жаран каза болду

Бишкектеги коомдук транспортто чет элдик жаран каза болуп калган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти. 24-июлда болжол менен саат 11:47де 102 кызматына кайрылуу түшкөн. Анда Үмөталиев көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде коомдук транспортто бараткан адам кайтыш болгону айтылган. Факт каттоого алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Маркумдун 54… Кененирээк…

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин “Кыргызэлектроника” ишканасы аткарат. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынан кабарлашты.   “Кыргызэлектроника” компаниясы буга чейин кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Аталган компания Аcer, Lenovo сыяктуу бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган компаниялардын бири. Маалыматка… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.   Маалыматка ылайык, 25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Диетологдордун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек. Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.   Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык… Кененирээк…

Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек бийлиги эскертет

Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек бийлиги эскертет. Ошондой эле, таза суу менен короо-жайды, килемдерди, унааны жана башка техниканы жууганга болбойт.   Суу ченеген прибор болгон учурда гана түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин анча чоң эмес огородду сугарууга уруксат берилет. Учурда… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде «Салбуурун» фестивалы өтөт

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында 3-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт.   «Салбуурун» федерациясынан билдиришкендей, маданий иш-чара саат 10:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат.   Фестиваль төмөндөгүдөй программа менен коштолот: алгыр куштардын көргөзмөсү (бүрк, шумкар); бүркүт жана шумкардын аңчылык өнөрүн көрсөтүү; салттуу жаалардын жана мергенчилик кубоктордун көргөзмөсү; чебер… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине жабылат

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине жабылат.   Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Бул тилкеде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордюрлар жана ирригациялык система калыбына келтирилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…