“Келечекке салым” депозити 2 миң 853 жетим балага ачылат

“Келечекке салым” депозитинин жобосу бекитилди, 2 миң 853 жетим балага депозит ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.   18 жашка… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,2 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 14-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 209 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 622 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 439 куб метрди түзүүдө.

Курулуп жаткан имаратынан өрт чыккан компаниянын лицензиясы токтотулду

Анкара көчөсүндө курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу аны куруп жаткан компаниянын лицензиязы токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында… Кененирээк…

Кытайлык компания смартфондорду бир нече секунд ичинде кубаттоочу шайман тартуулады

Кытайлык компания смартфондорду бир нече секунд ичинде кубаттоочу шайман тартуулады. FoneArena басылмасы билдиргендей, кадимки эле кубаттоочу каражат болгону 320 мегаватт кубаттуулукка ээ.   Жаңы муундагы смартфондордун батареясын ал 0дөн 17 пайызга чейин 35 секундда толтурат. Бул азыркы тапта рекорддук көрсөткүч болуп саналат.   Ушул жана… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул ирет 59,8 миллион доллар сатылды. Жалпысынан жыл башынан бери америкалык валютаны сатуу боюнча  5 интервенция өткөрүлүп, 150 миллион доллар чыгарылган.   Быйыл адаттагыдан айырмаланып, Улуттук банк долларды көбүрөөк сатып алып жатты.… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.   Мэриядан такташкандай, кеп анын Горький – Ахунбаев тилкеси тууралуу болуп жатат. Буга байланыштуу №175, 212 жана 215-автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.  … Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 150 орундуу мектеп Караке айылында жайгашат.   Окуу корпусунан тышкары анда спортзал, өтмөк галереясы, акты залы жана башка зарыл имараттар каралган.   Курулуш иштери 85 пайызга аяктады.… Кененирээк…