Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 20 миллион 700 миң доллар сатты. Бул соңку эки жумадагы экинчи интервенция. Ноябрдын аягында рекорддук болуп эсептелген 35 миллион доллар сатылган болчу.

 

Белгилеп кетсек, Улуттук банк интервенциялар үчүн өлкөнүн резервдерин колдонот. Каржылык операция өлкөдөгү доллар курсунун серпилүүсүн алдын алуу үчүн жасалат. Кыргызстранда америкалык валютанын куну бир нече айдан бери 68,85 сом көрсөткүчүндө сакталып келет.