Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок

Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок. Жуп 12 жылдан бери мамиле куруп, бирок тойго бир жума калганда эркектин калпы билинип калган. Кыз мындай абалга чөкпөй, тойду жигити жок эле өткөрдү.   Ал пландалган жерге досторун, туугандарын чакырып, майрамдап,… Кененирээк…

Баткен облусунда Урмезан-3 көмүр кени ишке кирди

Баткен облусунда Урмезан-3 көмүр кени ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун баасы 3 миллион долларды түздү.   Аймактын тургундарын жеткиликтүү баада кара отун менен камсыздоо максатында кенди мамлекеттик компания иштетет.   Учурда  26 адам жумуш менен камсыздалды. Кендин жалпы… Кененирээк…

Бишкектин эски аянтында эртең ата-мекендик продукциянын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкектин эски аянтында эртең ата-мекендик продукциянын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында өнөр-жай, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өндүрүш жана унаа куруу тармактарындагы товарлар тартууланат.   Көргөзмө жергиликтүү ишканалардын потенциалын баалоого мүмкүнчүлүк берет, — дешти министрликтен.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат

Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат. Эске салсак, оюн 10-сентябрда Дөлөн  Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет.   Белгилеп кетсек, учурда реконструкциядан өтүп жаткан стадиондо аталган системаны колдонууга бардык шарттар түзүлүүдө.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, анын 5 миңдейи Бишкектеги тартипти көзөмөлдөйт.   Майрамдык иш-чараларга байланыштуу ордо калаанын борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Айтматов, Манас проспектилери менен Байтик баатыр көчөсүн бириктирген бөлүк тосулат.  … Кененирээк…

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, калкка 22 тонна ун, 4 миң тонна кумшекер, 4 миң литр өсүмдүк майы жана 8 миң 780 банка эт консервасы берилген.   Эске салсак, 18-19-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел… Кененирээк…

Бишкек тургундарына жеке унаалар менен жолго чыкпоо сунушталат

31-августта Бишкек тургундарына жеке унаалар менен жолго чыкпоо сунушталат.   Мэриядан эске салышкандай, ишемби күнү Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу борбордук көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат.   Тыгындарды болтурбоо үчүн жарандарга коомдук транспортто жүрүү… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстанда 50дөн ашык социалдык объект ачылат

Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстанда 50дөн ашык социалдык объект ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, турак жайлар, спорт имараттары жана маданият мекемелери бар.   Мындан тышкары 40ка жакын өнөр жай ишканаларынын ачылышы күтүлүүдө. Кеп курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, кичи ГЭСтер, соода-логистикалык борборлор, текстиль… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта катталган.   Алдын… Кененирээк…

Бишкекте 24 саат бою унааларды каттоочу пункт ачылды

Бишкекте 24 саат бою унааларды каттоочу пункт ачылды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Жаңы бөлүм Биримдик Кут конушунда жайгашкан. Бул жерде жарандар каттоо күбөлүктөрүн алмаштырып, калыбына келтирип унаа номурун да ала алышат.   Маалым болгондой, бөлүм жергиликтүү… Кененирээк…