Париждеги Олимп оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Париждеги Олимп оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты. Ал бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.   Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Таймаш 11-августта өтөт.   Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыккан… Кененирээк…

Министрлик кыргызстандыктарды Британияга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарды Улуу Британиянын бир катар шаарларына барбай турууга чакырды.   Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестер жана Ливерпуль шаарларындагы абал турукташканга чейин бул аймактарга барбай туруу сунушталды. Британиянын аталган аймактарында… Кененирээк…

Нарын облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Нарын облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Омор уулу Кожоке атындагы билим берүү мекемеси Ак-Кудук айылында жайгашат.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп 2 кабаттан туруп, анда ашкана, спорт зал жана өтмөк галереясы каралган. Учурда… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинде эки блок капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Бишкек ЖЭБинде эки блок капиталдык оңдоодон өтүп жатат.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Келе жаткан жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында №3 жана 4-блоктор толугу менен калыбына келтирилет.   Аталган блоктор 7 жыл мурда ишке кирген. Капиталдык оңдоодон кийин объектилердин кубаттуулугу 200 мегаваттан 300гө чейин… Кененирээк…

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын жеңди

Париждеги Олимиада оюндарында 8-августта эркин күрөш боюнча Кыргызстандык улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын утту.   Балбан 57 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Анын кийинки атаандашы белгилүү боло элек. Бүгүн грек-рим күрөшү… Кененирээк…

Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов жубатуучу беттешти утту

Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов жубатуучу беттешти утту. Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта сербиялык Мате Немеша менен кез келип, атаандашын бир мүнөттүн ичинде эки жолу көтөрүп чаап, 8:0 менен таза жеңди. Ал кечки саат ондон кийин азербайжандык Хасрат Жафаров менен коло байгени талашат. Кыргыз… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чегинде жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-августта саат 13:12де өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Жер титирөө Ош облусунун  Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну акысыз өрүк чогултуп кетүүгө чакырат

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну акысыз өрүк чогултуп кетүүгө чакырат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургун Азамат Мажиков 13 гектар жерде абрикос өстүрөт.   Түшүм мол болуп, чогултканга киши жок болгондуктан, ал каалоочуларга акысыз мөмөнү жыйнап кетүүнү сунуштады. Дыйкан жалпы аянты 64 гектар бакчада… Кененирээк…

Токтогулда суунун көлөмү 12 миллиард кубдан ашты

Токтогулда суунун көлөмү 12 миллиард кубдан ашты. “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында, бүгүнкү күндө суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 739 метр куб, агып чыккан суу 478 метр кубду түзүүдө.   Эки ай мурда, 8-июнда суу сактагычта 10 млрд кубометр суу бар болчу.  Энергетика… Кененирээк…

Чүй облусунун трассаларында жолдун үстүнөн өтмөктөр курулат

Чүй облусунун трассаларында жолдун үстүнөн өтмөктөр курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бир өтмөктүн баасы 18 миллион сомдун тегерегинде болот деп болжолдонууда. Объектилер  кайсы жерлерге жана канчасы курула турганы такталган жок.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…