Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий майрамдык иш-чаралар быйыл биринчи жолу Ош шаарында өтөт.
Маданият министрлигинен эске салышкандай, ага өлкө президенти жана чиновниктер катышат. 31-августта түштүк калаада ошондой эле мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата иш-чаралар пландалды. Ош мамлекеттик университетинде анын эстелиги салтанаттуу турдө ачылат.
Шаардын бардык райондорунда спорт мелдештери, ат оюндар жана жалпы сейилдөөлөр өтөт.