Ош жана Баткен облустарында көмүр кендери ачылат

Эртең Ош жана Баткен облустарында көмүр кендери ачылат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Баткендеги Урмизан-3 көмүр кени Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан. Инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн долларды түзөт. Көмүр кенде 26 жумушчу иштейт.   Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында Загара-2 көмүр кени… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана шаардык мэриянын административдик имараты мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.   Объектти келерки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилүүдө

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилүүдө.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүп жатат. Анда өрт коопсуздук эрежеси сакталбай, күйүүчү-майлоочу майлар желим бөтөлкөлөргө куюлуп жол жээктеринде сатылып жаткандар аныкталууда.   Рейддин алкагында учурда жалпысынан 600 литрдей… Кененирээк…

Бишкекте каттамдан алынган троллейбустар аймактарга берилүүдө

Бишкекте каттамдан алынган троллейбустар аймактарга берилүүдө. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Белгиленгендей, троллейбустар сатылбайт.   «Бүгүнкү күндө Бишкек 1 миң автобус менен камсыз болду. Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобус чыгарылып, ал эми троллейбустар аймактарга жиберилүүдө”, — деди Жунушалиев.   Ушул… Кененирээк…

Социалдык келишим программасынын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

Социалдык келишим программасынын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет. 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар катышуучулар… Кененирээк…

Салык кызматы алкоголдук продукциялардан 2,7 млрд сом акциз салыгын чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын башынан бери алкоголдук продукциялардан 2 млрд 726,6 млн сом акциздик салык түшүүсүн камсыздаган. Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 292,3 млн сомго көп.   Анын ичинде өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 млрд 351 млн сом акциз салыгы жана ЕАЭБге… Кененирээк…

Бүгүн Парижде Паралимпиада оюндары башталат

Бүгүн, 28-августта Парижде Паралимпиада оюндарына старт берилет. Жайкы Олимпиада Парижде  11-августта жыйынтыкталган. Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.   Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов алып… Кененирээк…

Нарын облусунда ири бетон заводунун курулушу уланууда

Нарын облусунда ири бетон заводунун курулушу уланууда. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагындагы таш майдалоочу ишкана 20-сентябрда ишке кирет.   Ал эми бетон өндүрүүчү заводдун өзүн октябрь айынын аягында кое берүү пландалып жатат. Анын кубаттуулугу саатына 70-80 кубометр бетон аралашмасын түзөт. Күтүлгөндөй, завод… Кененирээк…

Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкектеги иш-чаралар планы

Мэрия Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Свердлов району: 29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот; 31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек шаарында рейд жүргүзүүдө. Анын натыйжасында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. ӨКМ акыркы мезгилде «күйүүчү-майлоочу майды өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп жол жээктеринде… Кененирээк…