GoBus кичи автобустары эми Бишкектен Нарынга каттайт

Ушул жумадан тарта GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттам 8-августта ишке кирет. Билет баасы 500 сом.   Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же “Манас” аэропортуна билет… Кененирээк…

ӨКМ: Сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.   Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.   Мындан улам, жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоо… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат.   Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Күрөш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө, жарым финалдык кармаштар түнкү 10дон өтүп башталат.   Андан кийин медаль үчүн мелдештер орун алат. Килемге биринчи… Кененирээк…

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, ал 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматынан кеткен.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Париж-2024: Мээрим финалда, Жоламан коло медаль үчүн күрөшөт

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Балбан эми финалдык беттеште АКШ спортчусу Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашат.   Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.   Ал эми Жоламан Шаршенбеков жарым финалда япон балбаны,… Кененирээк…

Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 85 бала кайтарылды

Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 85 бала кайтарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.   Ал белгилегендей, “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 121 адам кайтарылды. Анын 35и аялдар болсо, 85и жаш балдар.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчүн жакшыртты

Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчүн жакшыртып, 10 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.   Ал белгилегендей, учурда атамекендик паспорт дүйнө паспортторунун интерактивдик рейтингинде 67-орунга жайгашты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Бир катар облустарга жаңы прокурорлор дайындалды

Кыргызстандын бир катар облустарында жаңы прокурорлор дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, башкы прокурору Максатбек Асаналиевдин буйругунун негизинде, Чүй облусунун прокурору болуп Шүкүрбеков Азизбек Шарипович, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Каримов Эмирбек Каримович, Баткен облусунун прокурору болуп Молдокматов Абай Молдокматович, Нарын облусунун прокурору… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт

Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 8-августта министр Алтынбек Максүтов казакстандык кесиптеши менен жолугуп, анда иш-чараны өткөрүп берүү форматы талкууланат.   Кыргызстан бул оюндардын демилгечиси болуп саналат жана саамалык өлкөдө үч жолу өткөрүлдү. Андан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр… Кененирээк…

Курулуш тармагындагы 500дөй компаниянын лицензиясы алынат

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Маалыматка ылайык, алардын лицензиясы мыйзам бузгандыгына байланыштуу кайтарылат.   Өлкөдө 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта анын 2… Кененирээк…