Чоң-Алайда этникалык кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушу уланууда

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайлардын курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объектилер Бурган-Суу айылында жайгашкан.   Өткөн жылы үч үй курулган, учурда дагы жети үй курулуп жатат. Бардык объектилерди быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.   Ушул… Кененирээк…

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.   Белгиленгендей, жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык эски үлгүдөгү жарнамалык мегаборддор бар.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында ордо калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №118 автобус иштеп баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №118 автобус иштеп баштады.   Муниципалитеттен билдиришкендей, транспорттун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында болот.   Күн сайын каттамга 25 автобус чыгат. Алардын аралыгы 10 мүнөттү түзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 44 миңден ашуун адамга көбөйдү

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 44 миңден ашуун адамга көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 1-июнга карата өлкөнүн туруктуу калкынын саны 7 миллион 210 миң адамды түздү.   Ушул жылдын январь-май айларында калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек… Кененирээк…

Жакында Кыргызстанда үч аэропорт иштей баштайт

Жакында Кыргызстанда үч аэропорт иштей баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, аэропорттор Нарын, Казарман жана Кербен шаарларында ачылат. Нарында иштер кызуу жүрүп, бир айдын ичинде аэропорттун ишке кириши күтүлүүдө. “Кербен” жана “Казарман” учактарды кабыл алууга даяр.… Кененирээк…

«Кальмар оюндары» сериалынын экинчи сезону декабрда чыгат

«Кальмар оюндары» сериалынын экинчи сезону ушул жылдын декабрында чыгат. Ал эми шоунун акыркы, үчүнчү сезону 2025-жылы башталат.   Жаратуучулар көрүүчүлөргө өзгөчө сезим тартуулоо үчүн колдон келгендин баарын жасаганын белгилешет.   Эске салсак, аталган сериал үч жыл мурун чыгып, Netflixтин тарыхындагы эң популярдуу деп табылган.  … Кененирээк…

Синоптиктер август айындагы аба ырайы тууралуу маалымат беришти

Синоптиктер август айындагы аба ырайы тууралуу маалымат беришти. Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндө күндүз термометрдин көрсөткүчү +27ден +34кө чейин өзгөрүп, айрым күндөрү абанын температурасы 37 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Түштүктө абанын температурасы күндүз 28…38, түнкүсүн 16…20 градус жылуу болот.   Жаан-чачындын орточо көлөмү нормада болушу күтүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстан 14 мамлекетке бал экспорттойт

Кыргызстан 14 мамлекетке бал экспорттойт. Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын беш айында экспорттун көлөмү дээрлик 144,5 тоннаны түзүп, жалпы суммасы 68 миллион сомго жакын болду.   Эң көп бал Кувейтке — дээрлик 32 тонна, АКШга 28 тонна, Кытайга 26 тоннадан жана БАЭге 25 тоннадан… Кененирээк…

УКМК 300 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөнүн билдирди

Курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинин 300 батири мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка караганда, УКМКнын дарегине Орто-Сай айылындагы 3,08 гектар жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран 17 жаштагы Б.С. аттуу жарандан алданып калгандарын айтышып, арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде кылмыш… Кененирээк…