Бишкекте Горький көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн капиталдык оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Горький көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн капиталдык оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Панфилов-Тыныстанов көчөлөрүн бириктирген тилкеси тууралуу болуп жатат.   Бул жерде асфальттын катмары жаңыртылып, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулат. Ал эми Горький көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери… Кененирээк…

Кыргызстандын улуттук курамасы бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жөнөп кетти

Кыргызстандын улуттук курамасы бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жөнөп кетти. Биздин өлкө намысын 180 адам коргойт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кураманын капитаны Бактияр Мирлан уулуна мамлекеттик желекти тапшырды.   Эске салсак, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астана шаарында 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт.   “Бишкекгаз” ишканасынын маалыматына ылайык, көгүлтүр от 9-10-сентябрда Садырбаев, Гагарин, Асаналиев, Алтымышев көчөлөрүндө, 11-12-сентябрда Жибек Жолу, Турусбеков, Күрөңкеев, Профессор Зима көчөлөрүндө жана 10-13-сентябрда Жаштар кварталында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.     Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поезддин каттамы 2025-жылга чейин жанданат деп пландалууда

Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поезддин каттамы 2025-жылга чейин жанданат деп пландалууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус чектөөлөрү киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага поезд каттабай калган. Андан кийин Самара шаарына темир жол каттамдары жанданган.   Ал эми Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталгандыктан,… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди

Кыргызстанда быйыл селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 330дан ашуун сел катталды. Көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына туура келди. Табигый кырсык 22 адамдын өмүрүн алды.   Беренбеков белгилегендей, учурда… Кененирээк…

Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүүнүн эскиздик долбоору иштелип чыкты

Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүүнүн эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан даярдалып, жергиликтүү органдарга сунушталды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кыргыз мамлекеттик циркинин имаратында капиталдык оңдоо иштери ноябрда аяктайт

Кыргыз мамлекеттик циркинин имаратында капиталдык оңдоо иштери ноябрда аяктайт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы циркте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.   Маалыматка караганда, цирктин ачылышы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Энергетика министрлиги айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ал кабыл алынса, тарифтин кымбатташы 89 миң 767 керектөөчүгө тиешелүү болот.   Өлкөдө 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилген.   Ага ылайык, инфляцияга жараша тарифтерге түзөтүүлөр киргизилип турат.… Кененирээк…

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  900-голду киргизди

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  900-голду киргизди. Улуттар лигасынын алкагында Португалия Хорватия курамасына каршы беттеш өткөргөн.   Роналду 34-мүнөттө атаандаштын дарбазасын багындырды. Муну менен ал курама үчүн 900 гол киргизген дүйнөдөгү жалгыз футболчу болуп калды.   Эске салсак, Криштиану Роналду “Алтын топтун” 5 жолку… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда көзөмөлдү эми дрондор асмандан жүргүзөт

Бишкек – Ош унаа жолунда көзөмөлдү эми дрондор асмандан жүргүзөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассада жүрүүдө айдоочулардын басымдуусу ылдамдыкты ашырып жүрүшөт.   Бул өлүм менен коштолгон кырсыктарга алып келет. Андыктан, жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүп, Бишкек – Ош унаа жолунда ылдамдыкты ашырган айдоочуларды… Кененирээк…