Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 24-27-ноябрь аралыгында Красный Строитель шаарчасында, Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленая, Колхоз, Элебесов көчөлөрүндө жок болот.

 

Жалпысынан 3 миң 920 керектөөчүнүн көгүлтүр оту өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр Курманалиев көчөсүндөгү түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.