Кыргызстанда орточо маяна 35 миң сомдон ашты

Чакан ишканаларды эсепке албаганда ушул жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га көп.   Ал белгилегендей, эмгек акынын эң… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 3 миллиард 199 миллион сом мүлк салыгын чогултту

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 3 миллиард 199 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 миллион сомго көп.   Эске салсак, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.… Кененирээк…

Париждеги Паралимпиада оюндарына катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Париждеги Паралимпиада оюндарына катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өттү. Кыргызстандан жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы, дзюдочу Маматибраим Суранов  жана пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева  катышты.  … Кененирээк…

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.   Белгилеп кетсек, жакында эле алтынчы оюндар Өзбекстанда өтө турганы айтылган. Чечим эмне себептен өзгөргөнү такталган жок. Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат.… Кененирээк…

Кыргызстанда жети айда банктардын кирешеси  17 миллиард 979 миллион сомду түздү

Кыргызстанда жети айда банктардын кирешеси  17 миллиард 979 миллион сомду түздү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, июлдун соңуна карата өлкөдө  21 коммерциялык банк иштейт. 2023-жылдын январь-июль аралыгында банк сектору 14 миллиард 79,5 миллион сом киреше алган.   Жыл ичинде банктардын кирешеси рекорддук көрсөткүчкө — 24 миллиард… Кененирээк…

Япониялык компания Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө   100 миллион доллар инвестициялайт

Япониялык компания Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө   100 миллион доллар инвестициялайт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, япониялык компания менен инвестициялык макулдашуу кабыл алынды.   Ага ылайык, Чоң-Кемин дарыясында кубаттуулугу 24-25 мегаватты түзгөн эки кичи ГЭС пайда болот. Ал эми Баткен облусунда фотоэлектр күн станциясы курулат. Анын кубаттуулугу 100… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар жаап жатат

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар жаап жатат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жеринде жолчулар тынбай иштеп, тазалоо жүрүүдө.   Трассанын 285-294-чакырымдарына инерттүү материал себилип жатат.

Бишкекте келе жаткан ишемби, 14-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт

Бишкекте келе жаткан ишемби, 14-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Иш-чара 15-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулат.   Мэриядан белгилешкендей, өзгөчө көңүл ирригациялык тармактарды тазалоого, имараттардын алдын, парк-скверлерди жыйноого бөлүнөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн айлык Кыргызстанда

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн айлык Кыргызстанда. Мындай маалымат Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жарыяланды. Биздин өлкөдө орточо бир айлык номиналдык маяна 35 миң сомду түзөт.   Беларусияда – 59 миң сомго, Арменияда 62 миң 500 сомго барабар. Эң жогорку номиналдык айлык Россияда – 82… Кененирээк…

Кыргызстанда капиталдык ремонттон кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицей ачылды

Кыргызстанда капиталдык ремонттон кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицей ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине 400 миллион сом бөлүнгөн.   Ошондой эле окутуунун жаңы ыкмалары иштелип чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюштурулуп, кабинеттерге жабдуулар орнотулду. Иштер Азиялык өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен аткарылды.