Өлкөдө кайра иштетүүнүн акысын бекитүү сунушталууда

Өлкөдө кайра иштетүүнүн акысын бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.   Документке ылайык, кайра иштетүүнүн акысы — бул товарлар колдонуудан чыккандан кийин кайра иштетүү үчүн төлөнүүчү акча.   Ал импортточулар жана өндүрүшчүлөр тарабынан… Кененирээк…

Министрлер кабинети окуучулардын тамактануусуна байланыштуу жобону бекитти

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «мектеп окуучуларынын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында» кол койгонун өкмөттүн… Кененирээк…

Кыргызстан курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы мелдештик күнүндө 11 медаль багындырды

Кыргызстан курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы мелдештик күнүндө 11 медаль багындырды. Учурга карата команданын капчыгында 3 алтын,  5 күмүш жана 3 коло медаль бар.   Эске салсак, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада өтүп жатат. Ага 100 мамлекеттен келген 4 миңден ашуун спортчу катышууда.   Ушул… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 270 кыска мөөнөттүү бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 270 кыска мөөнөттүү бала бакча иштеп жатат. Билим берүү министрлиги бул жаатта иштерди улантууда. Ведомство өлкө боюнча 500 кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун ачууну пландап жатат.   Бул 40 миңден ашык баланы мектепке чейинки билим менен камтууга шарт түзөт.… Кененирээк…

Баласына камкорчу дайындабай таштап, өлкөдөн чыгып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда

Баласына камкорчу дайындабай таштап, өлкөдөн чыгып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ата-эне балага камкорчу жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан баласын 15 күндөн ашык калтырып кетсе, тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн 15 миң сом айып салууну… Кененирээк…