Сокулук районунда 120 трансформатор подстанциясы оңдолуп, 250 темир-бетондук мамылар орнотулду

Сокулук районунда 120 трансформатор подстанциясы оңдолуп, 250 темир-бетондук мамылар орнотулду. Аймакта күз-кыш мезгилине пландалган даярдык иштери 70 пайызга аткарылды.   Бул иштер кышкысын жергиликтүү калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого жана тармактын сапатын жакшыр тууга багытталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкекте 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт

Бишкекте 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришкендей, Опера жана балет театрынын алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукциясынын жана технологиясынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.   Ага коопсуз жол менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер, жаңгактар, шире, кыям, дары чөптөр,… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамал паркы курулат

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамал паркы курулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станциянын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өттү.   Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каражат бөлүнүп, курулуш иштерин “Росатом” жүргүзөт. Долбоордун жалпы суммасы 120 миллион долларды түзөт.   Станциянын кубаттуулугу… Кененирээк…

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долон жана башка ашууларда мезгили менен кар жаап жаткандыктан, жанында чынжырчаларды дагы ала жүрүү керек.   Андан тышкары, жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпоо… Кененирээк…

Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 30 МВтка чейинки чакан ГЭС курат

Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 30 МВтка чейинки чакан ГЭС курат. Кыргыз-Россия экономикалык форумунда инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча келишим түзүлдү .   “Чандалаш” аттуу объект үч жылдын ичинде ачылат деп күтүлүүдө.  “Жашыл” энергияны өндүрүү менен катар жумушчу орундарды түзүү,… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен   11 миллиард сом каралууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен   11 миллиард сом каралууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.   Документке ылайык, Кыргызстандын республикалык бюджетинен 2025-жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 4,3 миллиард, 2027-жылы 4,4 миллиард сом темир жолдун курулушуна бөлүнөт. Курулуш… Кененирээк…