Өлкөдө жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда

Өлкөдө жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев билдирди.   Анын айтымында, бул китептердин ордуна кадастрдык план киргизилет. Анда QR-код болуп, жер тилке тууралуу бардык маалымат камтылат.   Кызыл китептер… Кененирээк…

Австрия калкына карата туристтердин санынын көптүгү боюнча рекорд койду

Австрия калкына карата туристтердин санынын көптүгү боюнча рекорд койду. Бул өлкөгө саякаттоого келгендердин саны жергиликтүү калкка салыштырмалуу, 3 эсе көп.   Британиялык аналитиктердин эсептөөсү боюнча, ар бир австрия тургунуна 3-4 турист туура келет. Альп өлкөсүнө жыл сайын 32 миллиондой адам келсе, Австрия калкынын саны болгону… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги элдик медицинаны мыйзамдаштырууну сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги элдик медицинаны мыйзамдаштырууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин демилгечиси министр — Алымкадыр Бейшеналиев.   Ал элдик медицинанын ар кандай ыкмаларын изилдеп, алар боюнча атайын окутуу программаларын иштеп чыгып, материалдык-техникалык база түзүүнү сунуштады.   Бейшеналиевдин айтымында, салттуу медицина көп кырдуу… Кененирээк…

Ысык-Көлдө дем берүүчү гранттын эсебинен 37 долбоор каржыланды

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 32,2 млн сом бөлүндү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражатка төмөндөгү 37 долбоор каржыланды: Ысык-Көл районунунда 8 объектиге – 4 млн сом; Түп районундагы 10 объектиге – 11,8 млн сом; Ак-Суу районунда 10 объектиге – 11,6 млн… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №102, 145 жана 169-автобустар Горький көчөсү менен эмес, Медеров көчөсү аркылуу жүрөт.   Убактылуу өзгөртүүлөр Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.… Кененирээк…

Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери кызуу жүрүүдө.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылып жатат.   Андан тышкары, төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштөө тартибине өтөт

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштөө тартибине өтөт. Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду.   Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеевдин айтымында, түйүндүн иш тартибин өзгөртүү чечими кыргыз-казак чек арасын өтүүдө жакшы… Кененирээк…

Ысык-Көлдө скутерди колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Ысык-Көлдө скутерди колдонууга тыюу салынышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзам долбоорду жактырды.   Документ демилгечилеринин айтымында, соңку жылдары көлдө скутерлердин катышуусу менен кырсыктардын саны көбөйүүдө.   Андан тышкары, алар Ысык-Көлдүн экологиясына чоң зыян тийгизип жатат. Андыктан, көлдө аталган гироскутерлерди… Кененирээк…

Бишкекте жаштар арасында Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт

Ушул жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында футбол боюнча 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт.   Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстандын жаштар курама командасы Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы «I» тайпада жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет.   Тандап… Кененирээк…

Ошто Сулайман-Тоого баруучу жол оңдоло баштады

Ошто Сулайман-Тоого баруучу жол оңдоло баштады. Амир-Тимур көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин кытайлык компания ишке ашыра турганын шаардык мэрия билдирди.   Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.